Студенттердин стартап-долбоорлор сынагы башталды. Кайда кайрылуу керек?

Ага жаңы идеялар камтылган жана аны ишке ашырууга боло турган бардык багыттагы долбоорлор кабыл алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги студенттердин стартап-долбоорлоруна сынак башталганын жарыялады.
Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, ага жаңы идеялар камтылган жана аны ишке ашырууга боло турган бардык багыттагы долбоорлор кабыл алынат. Талап боюнча, сынакка 18 жаштан 35 жашка чейинки студенттер, мындан тышкары, үчтөн кем эмес студенттен турган долбоордук топтор катыша алат.
Билдирүүлөр 6-октябрдан баштап 6-ноябрга чейин кабыл алынат. Каалоочулар startupkg1@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүшү керек.
Сынакка катышуунун шарттары тууралуу толук маалыматты https://edu.gov.kg/announcements/302/ сайтынан, ошондой эле ар бир ЖОЖдун администрациясынан алууга болот.
Драматургдар арасында республикалык сынак жарыяланды. Шарт-талабы