Акыркы 10 айда жалпысынан 5 584 субъект пландык жана контролдук текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу Хашимжан Абдрахманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өрт коопсуздугун одоно бузган мекемелерге жана ишкерлерге айып пул салынган.
"КР ӨКМине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы 2023-жылга карата бекитилген иш планына ылайык 2023-жылдын 10 айында жалпысынан 5 584 мамлекеттик жана ишкердик субъектилерде пландык жана контролдук текшерүүлөрдү жүргүздү. Өрт коопсуздук эрежелерин одоно бузган жетекчилерге "Укук бузуулар кодексине" ылайык 289 мекеме жана жеке ишкерлерге 4 152 500 сом өлчөмүндө айып пул салынып, бүгүнкү күндө 199 айып же 3 209 500 сом өндүрүлдү", — деди Абдрахманов.
Ал өлкө боюнча мамлекеттик жана ишкердик субъектилерде өрттү алдын алуу максатында текшерүү иштери улантыларын кошумчалады.