Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

НАТО Украинанын уюмга кошулушуна даяр эместигин билдирди

Уюмдун өзөктүк саясат боюнча башкармалыгынын башчысы бул үчүн дагы көп иштер жасалышы керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. – Sputnik. НАТОнун бардык союздаштары Украина бул этапта альянска кире албай турганын моюндашты. Бул тууралуу уюмдун өзөктүк саясат боюнча башкармалыгынын башчысы Жессика Кокс айтканын РИА Новости жазды.
"Шериктештер Украина альянска кошула турган этапта эмес экенин моюндоо менен анын бул өткөөл мезгилде НАТО менен жакындашуусун колдой турганын билдиришти", — деген ал.
Кокс Украина менен уюмдун ортосунда дагы көп иштер жасалышы керектигин белгилеп, бул багыттагы маанилүү кадамдар Вильнюста өткөн саммитте жасалганын, учурда анын НАТОго жакындоосу үчүн зарыл процесстер эки эселенген аракеттер менен жүрүп жатканына токтолгон.
2022-жылдын сентябрында президент Владимир Зеленский Украина ыкчам түрдө НАТОго кирүүгө билдирме жөнөткөнүн жар салган.
НАТО мамлекеттери Литвада өткөн саммитте Киевди колдоонун көп жылдык пакетин бекитти. Үч пунктудан турган жардамда Украина Куралдуу күчтөрүн альянстын стандарттарына шайкеш келтирүүгө көмөктөшүү, Украина — НАТО кеңешин түзүү жана өлкөнүн уюмга кошулуу боюнча талаптарын аткарбастан мүчөлүккө кирүү укугу каралган. Бирок убакыт-сааты, шарты тууралуу сөз болгон эмес.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОдо Украина жеринен Россияга берсе уюмга кошулушу мүмкүндүгү болжолдонду