Чек ара кызматына "Акынжы" жана "Аксүнгүр" учкучсуз учуучу аппараттар берилди

Чек ара кызматына биринчи ирет республикалык бюджеттин эсебинен учкучсуз учуучу аппараттар сатып алынды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. – Sputnik. Кыргызстандын Чек ара кызматына заманбап "Акынжы" жана "Аксүнгүр" учкучсуз учуучу аппараттары берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 6

Кыргызстандын Чек ара кызматына заманбап "Акынжы" жана "Аксүнгүр" учкучсуз учуучу аппараттары берилди

2 / 6

Дрондор Садыр Жапаровго көрсөтүлдү

3 / 6

Өлкө башчынын айтымында, өлкө тарыхында Чек ара кызматына биринчи ирет республикалык бюджеттин эсебинен учкучсуз учуучу аппараттар сатып алынды

4 / 6

Президент аскерлер жаңы үлгүдөгү курал-жарактарды жана аскердик техникаларды толугу менен өздөштүрүп, чек ара коопсуздугун камсыздоого максаттуу колдоноруна ишенимин билдирди

5 / 6

Садыр Жапаров Baykar Defence компаниясынын башкы директору Байрактар Лютфю Халукту Даңк ордени менен сыйлады

6 / 6

Президент аскерлер жаңы үлгүдөгү курал-жарактарды жана аскердик техникаларды толугу менен өздөштүрүп, чек ара коопсуздугун камсыздоого максаттуу колдоноруна ишенимин билдирди

Дрондор Садыр Жапаровго көрсөтүлдү. Өлкө башчынын айтымында, өлкө тарыхында Чек ара кызматына биринчи ирет республикалык бюджеттин эсебинен учкучсуз учуучу аппараттар сатып алынды.
Президент аскерлер жаңы үлгүдөгү курал-жарактарды жана аскердик техникаларды толугу менен өздөштүрүп, чек ара коопсуздугун камсыздоого максаттуу колдоноруна ишенимин билдирди.
Садыр Жапаров Baykar Defence компаниясынын башкы директору Байрактар Лютфю Халукту Даңк ордени менен сыйлады.
ЖККУ машыгуусу. Балыкчыда сокку уруучу "Муха" дрону биринчи ирет сыналды