Садыр Жапаров Ысык-Көлдө атасынын ысымы ыйгарылган мечитти ачты. Сүрөт

1500 орунга ылайыкталган мечит эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып курулганы маалымдалды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп районунун Кең-Суу айылындагы мечиттин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттик администрация билдирип, сүрөттөрүн жарыялады.
1 / 6

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп районунун Кең-Суу айылындагы мечиттин ачылышына катышты

2 / 6

Маалыматта айтылгандай, Мусталый уулу Нургожо ажы атындагы 1500 орундуу мечит "Ассанабил" эл аралык кайрымдуулук фондунун каражаттарынын эсебинен курулган

3 / 6

Мамлекет башчысы диний мекеменин ачылышында Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү ислам динин карманарын жана кыргыздардын жүрөгүндө жаратканга ишеними бекем экенин белгилеген

4 / 6

Жаңы мечит коомдо тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөгө себепкер болот деген ишенимин билдирип, жаштарды руханий адептүүлүккө, ислам дининин чыныгы баалуулуктарына умтулууга чакырган

5 / 6

Түп районунун Кең-Суу айылындагы мечиттин ачылышы

6 / 6

Түп районунун Кең-Суу айылындагы мечиттин ачылышы

Маалыматта айтылгандай, Мусталый уулу Нургожо ажы атындагы 1500 орундуу мечит "Ассанабил" эл аралык кайрымдуулук фондунун каражаттарынын эсебинен курулган.
Мамлекет башчысы диний мекеменин ачылышында Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү ислам динин карманарын жана кыргыздардын жүрөгүндө жаратканга ишеними бекем экенин белгилеген.
Ошондой эле жаңы мечит коомдо тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөгө себепкер болот деген ишенимин билдирип, жаштарды руханий адептүүлүккө, ислам дининин чыныгы баалуулуктарына умтулууга чакырган.
Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн алыскы жергесинде жаңы чек ара бекетин ачты