Москвадан Бишкекке келе турган учак шашылыш түрдө Самара шаарына конду

"Манас" эл аралык аэропортунан жабыркагандар жок экенин билдиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Москва — Бишкек каттамы боюнча жүргүнчү ташыган учак шашылыш түрдө Самара шаарына конду. Бул тууралуу Mash Телеграм-каналы жазды. Анда учак кырсык тууралуу сигнал берип, андан соң Самарага конгону белгиленген.
Билдирүүнү "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын маалымат кызматы тастыктады.

"Учак Самара шаарына конду. Учурда анын себептери аныкталууда. Жабыркагандар жок", — деди мекемеден.

Садыр Жапаров ӨКМге Россия берген өрт өчүрүүчү тик учакты тапшырды