БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. "Озтопрак" (KG Group) курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов №1 тергөө абагына 15-ноябрга чейин камакка алынды.
Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.
Ал курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзамсыз иштерге барган деп шектелүүдө.
УКМКнын маалыматына караганда, убадаланган бала бакчанын ордуна эки көп кабаттуу үй курулуп кеткен.
Мамлекетке келтирилген чыгым 52 миллион сом деп бааланууда.