Казакстанда шахтада жарылуу болуп, 16 киши көз жумду

Мындан сырткары, 31 жумушчу жер астынан изделип жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Казакстандын Караганда облусундагы Костенко шахтасында жарылуу болуп, соңку маалыматтар боюнча 16 киши көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Каргаша бүгүн эртең менен болгон. Авария маалында жер астындагы 252 кишинин 205и чыгып кетүүгө үлгүргөн.

“31 жумушчуну издөө иштери жүрүп жатат. 16 шахтачынын сөөгү табылды. Абалы оорлор ооруканага жеткирилди”, деп билдирген шахтаны иштеткен "АрселорМиттал Темиртау" компаниясы.

Агенттиктин маалыматында, "АрселорМиттал Темиртау" компаниясынын дагы башка шахтасында август айында дагы жарылуу болуп, беш кишинин өмүрү кыйылган.
Президент Касым-Жомарт Токаев каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, аталган компания менен инвестициялык кызматташтыкты токтотууну өкмөткө тапшырган.
Кырсыктын себебин аныктоо боюнча өкмөттүк комиссия түзүлгөн.
Бишкек — Ош жолунда бензовоз менен эки жеңил унаа кагышып, үчөө тең күйүп кетти