БИШКЕК, 28-окт. – Sputnik. Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге Караганда облусундагы шахтадагы трагедияга байланыштуу көңүл айтты.
“Бүткүл кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Казакстандын Караганда облусундагы Костенко атындагы шахтадагы жарылуунун натыйжасында адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Орду толгус жоготуунун азабы менен кайгысын тең бөлүшүп, каза болгон казакстандыктардын үй-бүлөлөрүн жана жакындарын кайраттуу болууга чакырып, бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм”, - деп айтылат телеграммада.
Акыркы маалыматтар боюнча шахтадагы кырсыктын кесепетинен 32 адам каза тапты.
Токаев кырсыктын жагдайлары аныкталарын жана жумушчуларды куткаруу боюнча иштер аткарылып, жабыркагандар менен каза болгондордун жакындарына зарыл болгон жардам берилерин билдирген. Ал ошондой эле өкмөткө шахтаны иштетип жаткан компания менен ивестициялык кызматташууну токтотууну тапшырды. Президент мындай чечимди бул компания иштеткен жерден экинчи ирет авария болуп жаткандыктан кабыл алган. Август айында "Казахстанская" шахтасында өрт чыгып, беш киши каза тапкан.
Казакстанда 29-октябрь аза күтүү күнү деп жарыяланды.