Бишкекте Палестина элин колдогон митинг өттү. 13 сүрөт

Бүгүн Бишкектеги Горький скверинде 700дөй адамдын катышуусунда Палестина элин колдогон митинг өттү.
Sputnik
Акцияга келгендер Израилдин Палестинаны оккупациялоосуна нааразылыгын билдирип, Газа тилкесинде элди кырууну токтотууга чакырышты. Ошондой эле палестиналыктарга жардам чогултуп, израилдик компанияларга бойкот кылууга үндөштү.
1 / 13

Борбор калаада Палестина элин колдогон митинг өттү

2 / 13

Нааразычылык акциясы Бишкектеги Горький скверинде уюштурулду

3 / 13

Катышуучулар “Палестинага эркиндик”, “Палестинада согуш токтосун” деген плакаттарды көтөрүп чыгышты

4 / 13

Акцияга келгендер Израилдин Палестинаны оккупациялоосуна нааразылыгын билдиришти

5 / 13

Алар Газа тилкесинде элди кырууну токтотууга чакырышты

6 / 13

Акцияны “Эрк” партиясы уюштурган

7 / 13

Митингге 700дөй адам келгени айтылды

8 / 13

Партиянын башчысы Турсунбай Бакир уулу

9 / 13

Протесттин катышуучулары палестиналыктарга жардам чогултушту

10 / 13

Митингчилер израилдик компанияларга бойкот кылууга үндөштү

11 / 13

Акцияга катышууга келген аялдар

12 / 13

Соңку маалыматтар боюнча, Газа секторунда 7 миңден ашуун адам көз жумду

13 / 13

Акцияга чыккандар жай тургундар жок кылынып жатканына нааразы болушту

Тема боюнча:
БУУнун Башкы ассамблеясы Палестинадагы жаңжалды токтотуу жөнүндө резолюция кабыл алды