Бишкекте биринчи мамлекеттик дарыкана ачылды. Сүрөттөр

Бишкекте биринчи мамлекеттик дарыкана ачылды
10-ноябрга чейин республика боюнча 46 мамлекеттик дарыкана ачылары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкекте “Эл аман” аталышындагы биринчи мамлекеттик дарыкана ачылып, ага министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Бейшеналиев мамлекеттик дарыканалардын ачылышы элди жеткиликтүү дары-дармек менен камсыздоо көйгөйүн чече аларын айткан.
Дарыкана Логвиненко, 30 дарегиндеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунда жайгашкан. Саламаттык сактоо министрлиги ал жакта 800 аталыштагы зарыл болгон препараттар бар экенин билдирди.

“Жашоочулар мамлекеттик дарыканадан дарыны 10-15 пайызга арзан ала алат”, деп билдирди мекеме.

Министрлик 10-ноябрга чейин республика боюнча 46 мамлекеттик дарыкана ачыларын белгиледи. Ал эми дарылардын түрүн 2 миңге чейин көбөйтүү каралууда.
Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов
Радио
Кыргызстанда дарылардын сапатын мобилдик тиркеме аркылуу текшерип алууга болот