БИШКЕК, 28-окт. – Sputnik. Баткен облусунда кыргыз-тажик чек ара аймагындагы кампадан тиешелүү документтери жок товарлар, анын ичинде дары каражаттары, суусундуктар табылды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.
Маалыматта белгиленгендей, кампа "Кыргызстан" соода үйүнө тиешелүү, ал Худжанд — Жаштык — Канибадам унаа жолунда жайгашкан.
УКМК текшерүү учурунда 16 миңден ашык кутудан медициналык каражаттар, 19 тонна кумшекер, тогуз тонна тоок эти, ошондой эле 18 миңден ашык алкоголдук жана энергетикалык суусундук табылганын билдирди.
"Учурда түзүмдөр аралык топ товардын баасын эсептөөдө, кылмыш ишин козгоо үчүн иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө", — деди УКМКдан.
Ошондой эле жарандарга мамлекеттик чек ара аркылуу аткезчилик жана дары-дармектерди мыйзамсыз жүгүртүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскерткен.