Садыр Жапаров эл аралык мелдештерден байгелүү кайткан эки спортчуга батир берди

Жапаров буга чейин батир, автоунаалар биринчиликти алып келген спортчуларга гана берилип келгенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Азиянын жаштар арасындагы бокс боюнча эки жолку чемпиону Нурадин Рустамбек уулу менен грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси Амантур Исмаиловго батирдин ачкычтарын тапшырды.
Президент Садыр Жапаров Амантур Исмаилов менен
Өлкө башчы кечээ Жалал-Абад шаарынын 146 жылдыгы белгиленген салтанатка катышып, Аюб тоосунда Кыргызстандын желегинин көтөрүлүшүнө күбө болгон.
Жапаров буга чейин батир, автоунаалар биринчиликти алып келген спортчуларга гана берилип келгенин белгиледи.
"Бүгүн 3-орунду алып келгендерге берип жатабыз. Анткени жаштарды спортко үндөөнү көздөп турабыз. Буга чейин окуучулардан “сен ким болосуң” деп сураса, “мен смотрящий болом” деген сөздөрдү укканбыз. Эми ал доор артта калды. Мындан ары ”мен спортчу, чемпион болом, кыргыздын желегин дүйнөлүк ареналарда желбиретем” деген жаштарыбыз чыксын”, — деди Жапаров.
Майрамга карата шаарга 50 автобус да берилди.
Ташиев Садыр Жапаровго Жалал-Абаддын көчөлөрүн кыдыртып чыкты. Видео