ХАМАС ЦАХАЛдын аткылоосунан барымтадагы 50 киши көз жумганын айтты

Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестин-израиль жаңжалы ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Аткылоодон Газа секторунда барымтада кармалып турган 50 израилдик туткун көз жумганын ХАМАСтын аскердик канаты "Аль-Кассам" бригадасынын расмий өкүлү Абу Убейда билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Сиониттердин (израилдиктердин — ред.) аткылоосунан жана кыргынынан "Аль-Кассам" бригадасынын баалоосу боюнча барымтадагы 50 сионит каза болду", — деп жазган Telegram-каналына.
Буга чейин палестиналык кыймыл Израиль армиясынын кол салуусунан барымтада кармалып турган 21 киши набыт болгонун, анын төртөө чет элдик жаран экенин билдирген.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндик-израилдик жаңжал ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Абал 7-октябрда Израиль Газа сектору тараптан болуп көрбөгөндөй ракеталык чабуулга туш болгондон кийин курчуп кеткен. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган.
Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Палестина анклавында кандуу кагылышуудан мертингендердин саны 6,5 миңден ашты, 17 миң тургун жаракат алганы айтылууда. Израилде 1,3 миңдей киши көз жумду.
ХАМАС кыймылынын өкүлдөрү Москвага келип, россиялык дипломаттар менен жолукту