Ош: агасы-карындашын эки автоунаа бир учурда сүзгөн. Кырсыктын видеосу

Агасы 10, ал эми карындашы жети жашта экени аныкталды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Ошто кичинекей бир туугандарды бир убакта эки автоунаа сүзүп, бактыга жараша, балдар аман калды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлады.
Агасы 10, ал эми карындашы жети жашта экени аныкталды.
Экөө ээрчишип, жолдун жөө кишилер үчүн чийилген бөлүгүнөн 23-октябрда эртең менен өтүп баратканда кырсыкташкан. Видеодон ага-карындаш өтүп баратканда Mersedes Benz үлгүсүндөгү автоунаа, андан соң Daewoo Tico коюп кеткенин көрүүгө болот.
Окуя боюнча тартип сакчыларга балдардын атасы кайрылган. Кайгуул милиция айдоочуларды таап, автокөлүктөр айып короого токтотулду.
8 адамдын өмүрүн алган Тоңдогу жол кырсык: атасы, баласы, небереси мерт болду