Бишкек — Ош жолунда бензовоз менен эки жеңил унаа кагышып, үчөө тең күйүп кетти

Кырсыктан төрт адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 100-101-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа менен эки жеңил машина кагышып, үчөө тең күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, кырсык бүгүн, 27-октябрда, катталып, натыйжада төрт адам жабыркаган. Алар Тез жардам кызматы аркылуу Жайыл райондук ооруканага жеткирилгени айтылды.
1 / 2

Бишкек — Ош жолунун 100-101-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа менен эки жеңил машина кагышып, үчөө тең күйүп кетти

2 / 2

Билдирмеге караганда, кырсык бүгүн, 27-октябрда, катталып, натыйжада төрт адам жабыркаган

ӨКМдин кызматкерлери өрттү толугу менен саат 15:40та өчүрүшкөн.
Аламүдүн-1: батирдеги өрттөн кичинекей үч баланы аман алып чыгышты