Курулуш компаниянын жетекчиси Имамидин Ташов кармалды. Сүрөт

Шектүү 2021-жылдары президенттик шайлоого катышып, бир пайыздан ашыгыраак добуш алган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. "О" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Т.И.А. кармалганын УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
Бул инициал менен атайын кызмат тараткан сүрөткө "Озтопрак" ("KG Group") менен байланышкан Ташов Имамидин Асамидинович туура келет.
Ал 2021-жылы президенттик шайлоого катышып, бир пайыздан ашыгыраак добуш алган.
"Шектүү Бишкек мэриясындагы кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, 280 орундуу бала бакча салына турган жерге көп кабаттуу үйлөрдү курган. Мунун кесепетинен шаардыктар бала бакчасыз калышкан. Натыйжада Ташовдун мамлекетке 52 миллион сом зыян келтиргени аныкталды", — деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Атайын кызмат ишкерди 26-октябрда кармаган.
Маалыматта "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемесинин жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жооптуу жана кызмат адамдары мыйзамсыз киреше алуу максатында "О" ЖЧКсынын жетекчилиги менен кылмыштуу топ түзгөнү айтылган.
"Бул адамдар белгиленген максатты бузуу менен архитектуралык-пландоо шарттарын иштеп чыгып, инженердик-техникалык шарттарды жер астындагы автоунаа токтоочу жайлары бар 12 кабаттуу турак жайдын курулушуна карап, техникалык паспорт берүү жана тиешелүү документтерди тариздөө жол-жоболорун жүргүзгөн", — деп билдиришти атайын кызматтан.
Жогоруда сөз болгон 52 миллион сомдун аталган компания тарабынан төлөнбөй келгени айтылды. Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде Ташов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Учурда бул кылмыштарга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты.
Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев кармалды