Израиль ТИМи ХАМАСтын өкүлдөрү Москвага барганына нааразы болду

Билдирүүдө Россиянын өкмөтүнө ХАМАСтын өкүлдөрүн кууп чыгууга чакырык ташталган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Израилдин Тышкы иштер министрлиги ХАМАС кыймылынын өкүлдөрүнүн Москвага келишине нааразы болду. Тийиштүү билдирүүнү израилдик ведомствонун маалымат кызматы жасаганын РИА Новости жазды.
“Израиль ХАМАСтын башчыларынын Москвага чакырылышын татыксыз кадам катары баалайт”, — деп айтылат Израиль ТИМинин билдирүүсүндө.
Кечээ, 26-октябрда, ХАМАСтын өкүлдөрү Москвага барышкан. Анда Россиянын линиясы боюнча Газа секторунда кармалып турган чет элдик туткундарды тез арада бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Ошондой эле палестин анклавынан Россиянын жана башка мамлекеттердин жарандарын эвакуациялоого байланышкан маселелер талкууланган.
ХАМАСтын делегациясы РФ президенти Владимир Путиндин позициясын жана россиялык дипломатиянын активдүү аракеттерин жогору баалаган. https://sputnik.kg/20231026/khamas-okuldoru-moskvaga-kelishti-1079939484.html

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндик-израилдик жаңжал ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Абал 7-октябрда Израиль Газа сектору тараптан болуп көрбөгөндөй ракеталык чабуулга туш болгондон кийин курчуп кеткен. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган.
Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Палестина анклавында кандуу кагылышуудан мертингендердин саны 7000ден ашты, 17 миң тургун жаракат алганы айтылууда. Израилде 1,3 миңдей киши көз жумду.
ХАМАС ЦАХАЛдын аткылоосунан барымтадагы 50 киши көз жумганын айтты