Бишкекте өтүп жаткан EXPO 2023 көргөзмөсүндө кандай товарлар коюлган? Видео

Иш-чарага ата мекендик ишкерлерден сырткары Кытай, Россия, Индия, Германия, Иран, Монголия, Беларусь, Өзбекстандын ишкерлери катышып, продукцияларын көрсөтүшүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бүгүн, 27-октябрда, Спорт ордосунда "Кыргызстан EXPO 2023" эл аралык универсалдуу көргөзмөсү ачылганын Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирди.
Үч күнгө созулчу иш-чаранын максаты ата мекендик жана чет өлкөлүк продукцияны ички жана дүйнөлүк рынокко чыгарып, өнүктүрүүгө көмөктөшүү болуп саналат. Ошондой эле ар өлкөнүн ишканаларынын ортосундагы байланышты бекемдөөгө басым жасалары айтылды.
1 / 5

Бүгүн, 27-октябрда, Спорт ордосунда "Кыргызстан EXPO 2023" эл аралык универсалдуу көргөзмөсү ачылганын Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирди

2 / 5

Үч күнгө созулчу иш-чаранын максаты ата мекендик жана чет өлкөлүк продукцияны ички жана дүйнөлүк рынокко чыгарып, өнүктүрүүгө көмөктөшүү болуп саналат

3 / 5

Ошондой эле ар өлкөнүн ишканаларынын ортосундагы байланышты бекемдөөгө басым жасалары айтылды

4 / 5

Иш-чарада Кытай, Россия, Индия, Германия, Иран, Монголия, Беларусь жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр өз продукциясын көрсөтүшүүдө. Алардын ичинде автоунаанын түрү, азык-түлүк жана башка товарлар бар

5 / 5

Бишкектеги "Кыргызстан EXPO 2023" эл аралык универсалдуу көргөзмөсү

"Көргөзмө өндүрүштүк жетишкендиктерди, уникалдуу товарларды көрсөтүү, инвесторлорду тартуу, ошондой эле жаңы өнөктөштөрдү, кардарларды жана сатуу рынокторун издөөгө аянтча болуп бермекчи", — деп айтылат кабарда.
Иш-чарада Кытай, Россия, Индия, Германия, Иран, Монголия, Беларусь жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр өз продукциясын көрсөтүшүүдө. Алардын ичинде автоунаанын түрү, азык-түлүк жана башка товарлар бар.
Бишкекте бүгүн Айтматовдун 95 жылдыгына арналган күзгү көргөзмө ачылат