Бишкекте Динара Асановага арналган кинофестиваль өтөт. Программасы

Фестиваль Динара Асанованын "Боз балдар" тасмасы менен ачылып, кийинки күндөрү эл аралык сынактарда жеңген башка тасмалар көрсөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкекте 27-октябрдан баштап 30-октябрга чейин Qarash Lab кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, иш-чара белгилүү кинорежиссёр, актриса, сценарист Динара Асанованын жаркын элесине арналат. Фестиваль "Ала-Тоо" кинотеатрында саат 18:00дө ачылат. Ага чет элдик жана кыргызстандык кинематографисттер, искусство жана маданият ишмерлери, бизнес коомчулугунун өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин келери күтүлүүдө.
Белгилүү кинорежиссёр, актриса, сценарист Динара Асанова
Ачылыш аземинде Динара Асанованын "Боз балдар" ретроспективдүү тасмасы көрсөтүлүп, андан соң кино тармагынын адистеринин талкуусу өтөт.

Фестивалдын программасы:

28-октябрь саат 19:00:
Казакстандык жаш режиссёр Айсултан Сейитовдун "Каш" тасмасынын бет ачары болот. Тасмадан кийин режиссёр жана кино адистери талкуулашат.
29-октябрь саат 19:00:
Режиссёр Далмира Тилепбергенова тарткан "Белек" көркөм тасмасынын бет ачары болот. Мындан кийин да кино тармагынын адистеринин талкуусу өтөт.
30-октябрь саат 15:00:
2022-жылы Канн кинофестивалынын "Особый взгляд" сыйлыгынын лауреаты режиссёр Матьё Вадпьед, сценарист Оливье Деманжель жана продюсер Омар Си тарткан "Ата-бала" тасмасы тартууланат. Тасмадан соң тасма жаратуучулар жана кино адистердин талкуусу болот.
Бардык тасмалар "Ала-Тоо" кинотеатрында көрсөтүлөт.
Актёр болууну кыялданган жаштарга жаңы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Шарт-талабы