Боомдо беш күн бою таш түшүрүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Боом капчыгайында 30-октябрдан 3-ноябрга чейин таш түшүрүлө турганын "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Маалыматта таш жол тосулгандан кийин саат 9.00дөн 15.00гө чейин кулатылары айтылды. Ал эми жолду тазалоо учурунда автоунаалар бир тилке менен жүрмөкчү.
Ишкана жолго чыкчуларды каттамды алдын ала пландап алууга чакырды.
Бишкек — Ош жолунда жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди