Бишкек менен жер-жерлерде көмүрдүн эң жогорку баасын бекитишти

25-октябрдан тарта үч айга чейин кара алтындын баасын жөндөгөн тартип киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкек, Ош калааларында жана башка облустарда көмүргө эң жогорку баа коюлду, андан ары көтөрүлбөйт.
Антимонополия кызматынын билдиргенине караганда, 25-октябрдан тарта үч айга чейин кара алтындын баасын жөндөгөн тартип киргизилди.
Маселен, эгерде "Кыргыз көмүр" уюму менен келишими бар базадан алса, бир тоннасы 4700 сом болот. Жеке тараптар 5500 сомдон сата алат, ал эми тандалмалары 6000ге жетет.
Ведомстводон андан кымбат болбошу керектигин түшүндүрүштү. Антимонополия органы баа көмүр кен менен саткан жердин ортосундагы аралыкка байланыштуу болорун белгиледи. Андан сырткары, шахта ыкмасы менен казуу да баага өзүнүн таасирин тийгизери айтылды.
Бишкекте 4700 сомдон көмүр сатыла баштады. Дареги