Аламүдүн-1: батирдеги өрттөн кичинекей үч баланы аман алып чыгышты

Жалпысынан өрттү өчүрүүгө эки бригада келип, 45 чарчы метрди каптаган жалын өчүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкектеги Аламүдүн-1 кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн 8-кабатындагы батирден чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлады.
Жалпысынан өрттү өчүрүүгө эки бригада келген. 45 чарчы метрди каптаган жалын өчүрүлгөн.
ӨКМден өрт чыккан батирден жаш үч бала аман-эсен куткарылып, андан сырткары, 11 адам эвакуацияланганын айтышты.
Эске салсак, буга чейин өрт чыккан үйдө эки бөбөктүн куткарылганын окуянын күбөлөрү редакцияга билдирген. Кичинекейлердин бирин кошуналары, экинчисин маалымат бергендер аман алып калышкан.
"Балдар күйгөн батирдин берки бөлмөсүнүн терезесинен башын чыгарып жатканын көрүп, кирип бардык. Болжол менен алганда төрт жашар кыз жана эки жашар бала экен. Ата-энеси жок жалгыз отурушуптур. 9-кабаттагылардын эшигин такылдатсак эч ким ачкан эмес. Кийин карасак бир аял баласы менен көрүндү", — деген ал.
Маалымат берген адам жанындагы бир батирден кемпирди чыгарып, лифт менен түшүрүшкөнүн кошумчалады.
Кафенин ичинен фейерверк аттырбагыла! Тойкана ээлерине эскертүү берилди