Бишкек: Аламүдүн-1 кичи районунда көп кабаттуу үйдө батир күйүп жатат. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкектин чыгыш тарабындагы Аламүдүн-1 кичи районунда көп кабаттуу үйдө батир күйүп жатат.
Видеодон өрт бийик үйдүн 8-кабатынан чыкканын көрүүгө болот.
Жалын каптаган батирге кошуна жашаган тургундар сыртка чыга албай калышкандай. Анткени подъездди дагы түтүн каптаган. Ал эми жетип келген өрт өчүрүү кызматы тилсиз жоо менен күрөшүү аракетин көрүп жатканы байкалат.
Бишкектин түндүк тарабында өрт чыкты. Видео