Садыр Жапаровдун иниси үй камагына чыкты

32 жаштагы Улан Жапаров ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз ишке тиешеси болгон деп шектелип кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун иниси Улан Жапаров үй камагына чыкканын Биринчи май райондук соту билдирди.
Маалыматта иш боюнча ИИМ тергөөчүсүнөн арыз келип түшкөнү айтылат.
32 жаштагы Улан Жапаров Садыр Жапаровдун атасынын бир тууган инисинин баласы Ракымжан Жапаровдун уулу. Ал ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз ишке тиешеси болгон деп шектелип, 6-июлда ИИМ тарабынан кармалып, камакка алынган.
"Авангард стиль" компаниясынын башкы директору Эрнис Минкеев кармалды