Жалал-Абад шаарына жаңы 50 автобус берилди

Автобустар жакын арада линияга чыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарына жаңы 50 автобус тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мындан тышкары, облустук ички иштер башкармалыгынын жана соттун автопарктары жаңы унаалар менен толукталганы айтылды.
"Буга чейинки сапарымда Жалал-Абад шаарын көрүнүктүү экономикалык борборго айлантуу үчүн атайын план бекитилгенин айткам. Анын алкагында 2 миллиард сом бөлүнгөндүгүнөн да кабарыңыздар бар. Өзүңүздөр күбө болуп жаткандай, мындай чоң суммадагы каражат бөлүү менен шаарыңыздарда бир топ өзгөрүүлөр, бир нече жаңы курулуштар жүрүп жатат. Калаанын ички жолдору оңдоп-түзөөдөн өтүп, элибизге ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканына баарыбыз күбөбүз", — деген Жапаров.
Президент шаар күнүнө карата аймактын эли үчүн министрлер кабинети тарабынан 50 жаңы автобус берилгенин белгиледи.
Автобустар жакын арада линияга чыгары кошумчаланды.
Ташиев Садыр Жапаровго Жалал-Абаддын көчөлөрүн кыдыртып чыкты. Видео