БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы Аюб-Тоо тоосунун этегинде бийиктиги 50 метрди түзгөн Кыргызстандын желеги көтөрүлүп, салтанатка мамлекет башчы Садыр Жапаров катышканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы Жалал-Абад шаарынын тургундарын калаанын 146 жылдык майрамы менен куттуктаган.
"Чынында чамгарагынан алтын түстүү күн нуру чачыраган кызыл туубуз кыргыз журтчулугубуздун, байыркы ата-бабаларыбыздын басып өткөн бай тарыхын, уюткулуу көчмөн элдин философиясын чагылдырып турат. Кызыл тууларды кылкылдата көтөрүп, каруусун казык, канын азык кылып жүрүп канчалаган кас-душмандарды жеңип, урпактардын келечегине кам көрүп, керемет Кыргызстанды Мекен кылып бизге аманат калтырган баатыр бабаларды эсибизден чыгарбашыбыз керек! Өмүрүн эл четинде, жоо бетинде өткөргөн Курманбек баатыр, Жаныш-Байыш баатырлар, Нүсүп миң башы жана башка баатыр бабаларыбыз бизге мурас кылып калтырган дүйнөгө таанымал Арсланбапты, касиеттүү Сафед-Буланды, Аркыт, Кара-Алмайдай жер соорусун, тоо койнунда өзүнчө бир кооздукту камтыган Сары-Челекти, канча ооруга шыпаа болгон Аюб-Булак сындуу керемет жерлерди барктап-баалай билишибиз зарыл", — деген мамлекет башчы.
Ал учурунда Жалал-Абад калаасы Афганстан жана Кытай менен тыгыз соода байланышта болгонун белгилеп, өлкөнүн ар тараптуу өсүп-өнүгүүсүндө, көп этностуу элдердин ынтымагы менен маданиятынын ширелишинде күнөстүү Жалал-Абад жергесинин орду чоң экенин кошумчалады.
Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, шаардагы стелла-флагштокту орнотуу облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, ага 16 миллион 745 миң сом жумшалган. Стелла-флагштоктун айланасы Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан каржыланып көрктөндүрүлдү. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 5 миллион 683 миң сом каражат жумшалган.