Бишкекте унааларга айрым бир убакта сары тилке менен жүрүүгө уруксат берилди

Байтик баатыр көчөсүнүн Ахунбаевден Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө сары чийин түшүп, жол белгилери коюлду.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлүү иштерин жыйынтыктаганын кабарлады.
Маалыматта Байтик баатыр көчөсүнүн Ахунбаевден Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү чийилип, жол белгилери коюлганы айтылат. Ал жерлерге коомдук транспортко кирбеген автоунаалардын бөлүнгөн тилке менен саат 07.00дөн 21.00гө жүрүүсүнө тыюу салынары көрсөтүлгөн такталар да орнотулду.
Түштүк магистралдын Жетикашкаева көчөсүнөн Байтик баатырга чейинки бөлүгүндө да коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлүнгөн.
Мэрия: жол киренин көтөрүлүшүнө элдин көбү каршы эмес