БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушун колдой турганын соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Белгилей кетсек, желектеги түндүктү курчаган күндүн нурун түз кылып өзгөртүү боюнча маселе талаш-тартыш жаратып келет. Демилге Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге таандык. Бул боюнча парламентте да пикир келишпестиктер болгон.
"Эки күндөн бери туубузду өзгөртсөк болобу же болбойбу деп талкуулап жатасыздар. Менин пикирим боюнча, өзгөртүшүбүз керек! Туубузга карап түздөлөбүз, урматтайбыз, мамлекетибизди туу аркылуу таанышат. Демек, күн карама болбостон тике тийген, күндөй жаркыраган белги берилиши керек. Мен мамлекетибиздин туусун өзгөрткөндү колдоймун", — деп жазды Ташиев.
Кечээ президент Садыр Жапаров да желекти өзгөртүүнү колдой турганын билдирген.