Ташиев Садыр Жапаровго Жалал-Абаддын көчөлөрүн кыдыртып чыкты. Видео

Ташиев аймакта оңдоодон өткөн көчөлөрдү көрсөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровго Жалал-Абад шаарынын оңдолгон көчөлөрүн автоунаа менен көрсөтүп чыкты. УКМК башчысы менен мамлекет жетекчисинин видеосу президенттин Телеграм-каналына жарыяланды.
Ташиев аймакта оңдоодон өткөн көчөлөрдүн абалы менен тааныштырган.
"Бул жол укмуш жаман абалда эле, союз мезгилинен бери оңдоп-түзөөдөн өтө элек болчу. Бомба түшкөндөй жолдор эле. Эми жаңы жасалып, зыңкыйып калды", — деген Ташиев.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарынын күнүнө карата аталган аймакка барып, узундугу 50 метр болгон тууну көтөрүү салтанатына катышкан.
С. Жапаров Жалал-Абадда “Барселонанын” футбол академиясын ачты. Видео, сүрөт