ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити

Мишустин: ШКУ өлкөлөрү биргеликте глобалдык чакырыктарга туруштук бере алат

Мишустин Путиндин "ШКУ эл аралык укуктун алкагында акыйкаттуу жана көп полярдуу дүйнө тартибин түзүүнү жактайт" деп айтканын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин ШКУнун жалпы милдети глобалдык чакырыктарга туруктуулукту камсыздоо экенин белгиледи.
Ал Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңейтилген курамдагы жыйынында сүйлөдү.
Мишустин Россия президентинин "ШКУ БУУнун координациялык, борбордук ролунун жалпы таанылган принциптеринин алкагында суверендүү мамлекеттердин кызматташуусунун негизинде түптөлгөн эл аралык укуктун алкагында акыйкаттуу жана көп полярдуу дүйнө тартибин түзүүнү жактайт" деп айтканын эске салды.
"Жалпы негизги максат — биздин мамлекеттердин глобалдык чакырыктарга туруктуулугун камсыздоо. Жарандарды жана ишканаларды күчөп жаткан атаандаштык шартында ишенимдүү коргоп алуу керек. Мындан тышкары, товар жеткирүүнүн чынжырчасы мыйзамсыз санкциялардын кесепетинен бузулуп жатат. Биз биргеликте баарын жеңе алабыз", — деди Мишустин.
Анын айтымында, Россиянын ШКУ менен болгон товар жүгүртүүсү үчтөн бир бөлүктөн да өстү. Ал эми быйылкы жылдын жети айында көрсөткүч дагы жогорулаган.
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
Мишустин ШКУнун алкагында бирдиктүү төлөм механизмин түзүүнү сунуштады