ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити

Өзбекстан ШКУда жасалма интеллект менен роботтоштурууну өнүктүрүүнү сунуштады

Бул багытты өнүктүрүү үчүн Өзбекстан ШКУ мейкиндигинде инновациялык өнөктөштүк жумалыгын өткөрүүнү пландап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Өзбекстан ШКУнун жаңы экономикалык диалогунун программасын түзүүнү сунуштап жатканын өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов билдирди.
Ал Бишкекте өткөн ШКУ өкмөт башчыларынын өкмөттөр аралык жыйынына катышты. Арипов уюмга мүчө мамлекеттердин адамдык, илимий-технологиялык жана интеллектуалдык капиталы өтө кеңири, энергетикалык жана агроресурска бай экенин белгиледи.
"Буга байланыштуу инновациялык өнүгүү, роботтоштуруу жана санариптешүү, жасалма интеллект, биотехнология, фармацевтика сыяктуу келечектеги багыттарды камтыган ШКУнун жаңы экономикалык диалогунун программасын иштеп чыгып, кабыл алууну сунуштайбыз", — деди Арипов.
Бул багыттарды өнүктүрүү үчүн Өзбекстан ШКУ мейкиндигинде жогорку технологиялар көргөзмөсү камтылган инновациялык өнөктөштүк жумалыгын өткөрүүнү пландап жатат.
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
ШКУга санкцияларга бир фронт менен каршы туруу сунушталды