ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити

Кытайдын премьери: тышкы кийлигишүүгө жол бербешибиз керек

Мамлекеттик кеңештин премьери дүйнөдөгү жана региондогу абалды эске алуу менен сунуштарды берүүгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Биздин ички иштерге тыштан кийлигишүү аракеттерине чечкиндүү түрдө каршылык көрсөтүү керек. Бул тууралуу Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында билдирди.
Ал дүйнөдөгү жана региондогу абалды эске алуу менен сунуштарды берүүгө чакырды.
"Эң алгач аймактык коопсуздукту бекемдөө маанилүү. Тышкы кийлигишүүгө жана блоктук конфронтация аракеттерине чечкиндүү түрдө каршылык көрсөтүү керек. Коопсуздукка коркунуч жараткан учурларга ШКУнун чара көрүү механизмдерин өркүндөтүү зарылчылыгы бар", — деди Цян.
Бүгүнкү күндө ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жалпы калкынын саны 3,3 миллиарддан ашуун адамды же дүйнө элинин 42 пайыздан ашыгын түзөт. Сатып алуу жөндөмдүүлүгү боюнча ИДП 45 триллион доллардан ашат.
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
ШКУ премьерлеринин жыйыны. Акылбек Жапаров көтөргөн орчундуу маселелер