Бишкектеги КМШ премьер-министрлеринин саммити

РФ премьери: Россия ишенимдүү союздаш өлкө бойдон кала берет

Ал көп тараптуу байланышты бекемдөө товарлардын тышкы рынокко чыгуу шарттарын жакшыртууга жардам бере турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңейтилген курамдагы жыйынында Россия ишенимдүү союздаш өлкө бойдон кала берерин белгиледи.
"Урматтуу кесиптештер, кымбаттуу достор, Россия ишенимдүү союздаш жана соода өнөктөшү катары кала бермекчи. Биз коңшу мамлекеттердин кызыкчылыктарына өзгөчө маани беребиз", — деген ал.
Ал көп тараптуу байланышты бекемдөө товарлардын тышкы рынокко чыгуу шарттарын жакшыртууга жардам берип, жарандарга да, жалпы биримдикке да пайда алып келе турганын кошумчалаган.
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
Мишустин: ШКУ өлкөлөрү биргеликте глобалдык чакырыктарга туруштук бере алат