Бишкектеги КМШ премьер-министрлеринин саммити

Мишустин: КМШнын экономикасы кыйрайт дегендердин тилеги таш капты

Январь-июль айларында КМШнын өнөр жай өндүрүшү 2,5 пайызга өскөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бизге жакшылык каалабагандар булардын экономикасы кыйрайт деп бүтүм чыгарышкан, бирок Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин экономикалык көрсөткүчтөрү жакшы болуп чыкты. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин КМШнын өкмөт башчыларынын жыйынында билдирди.
Ал буга чейин РФ президенти Владимир Путиндин "Россия КМШнын беделин көтөрүү боюнча активдүү иш жүргүзүүгө бел байлады" деп айтканын эске салды.
"Биздин уюмдун экономикалык көрсөткүчтөрү жакшы. Январдан июль айына чейин КМШнын өнөр жай өндүрүшү 2,5 пайызга өстү. Негизги капиталга жасалган инвестициялар 8 пайызга жогорулап, жүк ташуулар 6,6 пайызга өстү. Муну менен катар Шериктештиктеги биринчи жарым жылдыкта ИДПнын өсүшү 2,2 пайызды түздү. Бизге жакшылык каалабагандар булардын экономикасы кыйрайт дешкен эле, бирок алардын тилегин таш капты", — деди Мишустин.
Бишкектеги КМШ премьер-министрлеринин саммити
Жапаров: Кыргызстан КМШ алкагындагы интеграцияны бекемдөөнү жактайт