Бишкектеги КМШ премьер-министрлеринин саммити

Мишустин КМШ саммитинде технологиялык суверенитетти бекемдөө зарылдыгын айтты

Ал Россия ЕАЭБ менен КМШнын ортосундагы байланыштарды бекемдөөнү артыкчылыктуу кадам деп эсептей турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Технологиялык суверенитетти бекемдөө маанилүү. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңейтилген курамдагы жыйынында сүйлөдү.
Ал Россия ЕАЭБ менен КМШнын ортосундагы байланыштарды бекемдөөнү артыкчылыктуу кадам деп эсептей турганын белгилеген.
"Экономиканын негизги тармактарында технологиялык суверенитетти жана өндүрүштүк базаны чыңдоо маанилүү", — деген Мишустин.
Ал жазында өлкө лидерлери тарабынан өнөр жай кооперациясын колдоо механизми каралганын эске салган. Кийинки жылдан баштап мындай долбоорлорго субсидияларды бере баштоо керек.
"Биздин көз караш боюнча негизги чечимдерди тез арада ишке ашыруу үчүн кошумча чаралар талап кылынат. Приоритеттүү тармактарда илимий изилдөөлөрдү практикалык координациялоого өтүү зарыл", — деди ал.
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
Мишустин: ШКУ өлкөлөрү биргеликте глобалдык чакырыктарга туруштук бере алат