Радио

Шарапов: малды эмдөөнүн натыйжасында өлкөдө бруцеллез азайды

Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов өлкөдө эпизоотиялык абал туруктуу экенин белгиледи.
Sputnik
Малды эмдөөнүн натыйжасында өлкөдө бруцеллез менен ооруган адамдардын саны кыйла кыскарды. Бул тууралуу Бакыт Шарапов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өкмөттүн буйругу менен бекитилген тизмеге ылайык, 22 жугуштуу дартка каршы тийиштүү иш-чаралар өкмөт тарабынан каржыланып жүргүзүлүшү керек.
"Союз учурунда эмдөө аркылуу малдын көптөгөн жугуштуу оорулары жоголгон. Эгемендүүлүк алгандан кийин мал жеке менчикке өтүп, эмдөөгө көп маани берилбей калды. Натыйжада малдын ар кандай дарттары күч алды. 2000-жылдын башында шарп тарай баштады. Учурда аны менен эмдөө аркылуу күрөш жүргүзүлүүдө. Өлкөдө малдын тогуз илдетине (бруцеллез, шарп, кара сан, койлордун кыргыны, күйдүргү, кутурма, канаттуулар жана башка малдын туберкулезу, жылкынын маңка оорусу жана эхинококкоз) каршы профилактикалык иштер жүргүзүлөт. Быйылкы жылдын тогуз айында 18 миллион 250 миң баш малга ар кандай алдын алуучу иш-чаралар жүргүзүлгөн. Мунун ичинен 881,5 миң башка диагностикалык изилдөөлөр, 16 миллион 824 миң башка эмдөө, 544,6 миң башка мите курттарга каршы чаралар көрүлдү. Анткен менен ар кандай оорулардын очогу пайда боло калууда. Алсак, быйыл 23 кутурма катталды. Буга каршы эмдөө жүргүзүлүп, жолбун иттер атылууда. 2007-жылдан баштап бруцеллез менен 4000ге чукул адам ооруган. 2009-жылдан бери койлорго бруцеллезго каршы көзгө тамчылатуучу вакцина колдонулуп, азыркы тапта бейтаптардын саны 400-500гө түштү. Быйыл вакцина сатып алынбай калып, ушул жылдын төлү эмделбей калды. Бирок эмдиги жылы алар ошол жылдагы төлгө кошулуп эмделет", — деди Шарапов.
Ошондой эле ал сапаттуу продукция алуу үчүн мал илдеттерин алдын алуу маанилүү экенин кошумчалады.