ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити

Кытай премьери: "Манас" эпосу "аракет кылсаң берекет" дегенге үйрөтөт

Цян брендге айланган долбоорлорду уюштуруу зарылдыгын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргыздын баатырдык "Манас" эпосу "аракет кылсаң берекет" дегенге үйрөтөт. Бул тууралуу Кытай премьери Ли Цян билдирди.
Ал Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңейтилген курамдагы жыйынында сүйлөдү.
Цян "Манас" эпосунан үзүндү айтып, ШКУ өлкөлөрүн "шанхай духун" өнүктүрүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө аракеттерин илгерилетүүгө чакырды.
"Бактылуу жашоо өзүнөн өзү келип калбайт. Сыртта көңүл кош карап турбастан, ар бир адам иш менен алектенип жалпы келечек үчүн күчүн бериши керек. Дүйнөдөгү жана региондогу абалды эске алуу менен биринчи кезекте аймактык коопсуздукту камсыздоо зарыл. Ошондой эле билим берүү, маданият, туризм, спорт жана башка багыттар боюнча кызматташууну тереңдетип, брендге айланган долбоорлорду уюштуруу зарылчылыгы бар", — деди Цян.
Ал өз сөзүн "Манас" эпосу "аракет кылсаң берекет" дегенге үйрөтөт деп жыйынтыктады.
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
Мишустин: ШКУ өлкөлөрү биргеликте глобалдык чакырыктарга туруштук бере алат