Бишкектеги КМШ премьер-министрлеринин саммити

КМШ башкы катчысы Лебедев Кыргызстандын төрагалыгына баа берди

Жыл аягына чейин Кыргызстан төрагалык кыла турчу дагы эки маанилүү иш-чара бар.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев Кыргызстан төрагалык кылган иш-чараларга токтолуп, аларга жогорку баасын берди.
Анын айтымында, КМШ өкмөт башчыларынын жолугушуусунун көңүл чордонунда турган бардык документтер кызматташтыкты тереңдетүүгө жана жакшыртууга багытталган.
"Күн тартибин айта турган болсок, мында экономикага жана гуманитардык кызматташтыкка тиешелүү 19 документ тууралуу сөз болуп жатат. Бир катар документтер КМШнын ишмердүүлүгүнүн ар кандай программаларын каржылоого жана келерки жылдын бирдиктүү бюджетин бекитүүгө тиешелүү. Кыргызстан өз төрагалыгын жыл аягында өткөрүп берет. Ага дагы эки жарым ай бар, бирок мен өлкө өз төрагалыгын ийгиликтүү өткөрүп жатканын белгилеп кетким келет. Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты сактап калуу үчүн гана эмес, кызматташууга жаңы дем берүү үчүн да колунан келген аракетти жасады", — деген Лебедев.
Башкы катчы жыл аягына чейин Кыргызстан төрагалык кыла турчу дагы эки маанилүү иш-чара бар экенин кошумчалаган. Анын бири КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны 16-ноябрда өтсө, КМШ экономикалык кеңешинин жыйыны 8-декабрда Москвада болмокчу.
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
ШКУ премьерлер кеңешинин жыйыны аяктап, КР төрагалыкты Пакистанга өткөрүп берди