Бишкектеги КМШ премьер-министрлеринин саммити

Жапаров: Кыргызстан КМШ алкагындагы интеграцияны бекемдөөнү жактайт

Өкмөт башчы кандай гана интеграция болбосун анын кыймылдаткыч күчү ыңгайлуу шарт экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргызстан КМШ алкагындагы интеграцияны бекемдөөнү жактайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КМШ өкмөт башчыларынын жыйынында билдирди.
Эске салсак, быйыл Кыргызстан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин уставдык органдарына төрагалык кылууда.
"Кыргызстан КМШ алкагында интеграцияны бекемдөөнү жактайт. Республика төрагалык кылган жыл ичинде КМШнын интеграциялык кызматташуусу боюнча бир катар багыттарда жүргүзүлгөн иштерге баш-көз болду", — деди Жапаров.
Анын айтымында, кандай гана интеграция болбосун анын кыймылдаткыч күчү — бул ыңгайлуу шарт. Мисалы, жайында Сочиде кызматтарды эркин соодалоо боюнча келишимге кол коюлган. Ал экономикалык интеграциянын кулачын жаюуга жардам берет. Жапаров бул келишим төрагалыктын жыйынтыгы боюнча эң маанилүү экенин айтып, ал эми ага кол коюлушун жалпыга тиешелүү ийгилик деп сыпаттады.
Бишкектеги КМШ премьер-министрлеринин саммити
КМШ өкмөт башчыларынын кеңейтилген форматтагы жыйыны. Видео