ХАМАС кыймылынын өкүлдөрү Москвага келип, россиялык дипломаттар менен жолукту

Россия Палестина боюнча эл аралык коомчулуктун чечимдерин аткарууну колдоо боюнча позициясы өзгөрбөгөнүн тастыктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Палестиналык ХАМАС кыймылынын өкүлдөрү Москвага келишти. Бул туурасында Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
Аталган кыймылдын саясий бюросунун мүчөсү Абу Марзук келген.
“Россиянын линиясы боюнча Газа секторунда кармалып турган чет элдик туткундарды тез арада бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр болду. Ошондой эле палестин анклавынан Россиянын жана башка мамлекеттердин жарандарын эвакуациялоого байланышкан маселелер талкууланды”, — деп айтылат маалыматта.
Аны менен катар Россия Палестина боюнча эл аралык коомчулуктун чечимдерин аткарууну колдоо боюнча позициясы өзгөрбөгөнүн тастыктаган.
Өз кезегинде ХАМАСтын делегациясы РФ президенти Владимир Путиндин позициясын жана россиялык дипломатиянын активдүү аракеттерин жогору баалады.
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
Газадагы абал — адамзатка каршы кылмыш. Иран вице-президентинин саммиттеги сөзү