ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити

Казакстандын премьери бажы процедураларын жөнөкөйлөштүрүүгө чакырды

ШКУга тогуз мамлекет кирет. Андан сырткары үч өлкө байкоочу статусуна ээ. Ал эми 14ү диалог боюнча өнөктөш.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов бажы процедураларын жөнөкөйлөштүрүүнү сунуштады.
Ал Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында сүйлөгөн.
Смаиловдун айтымында, соода-экономикалык мамилелерди тереңдетүү зарыл. Артыкчылыктуу багыттардын бири болуп электрондук соода эсептелет, андан түшкөн пайда ШКУда быйыл 1,5 триллион долларга чамалап барышы мүмкүн.
Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов
"Биз электрондук коммерцияны колдоо үчүн болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Биринчи кезекте бажы процедураларын жөнөкөйлөштүрүү кажет, бул үчүн ШКУ мамлекеттериндеги бажы органдарынын жетекчилеринин жолугушуусун өткөрүүнү сунуштайбыз", — деди Смаилов.
Эскерте кетсек, ШКУга тогуз мамлекет кирет. Андан сырткары үч өлкө байкоочу статусуна ээ. Ал эми 14ү диалог боюнча өнөктөш.
Саммитти түз эфирден да көрсөңүз болот.
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
ШКУ премьерлеринин жыйыны. Акылбек Жапаров көтөргөн орчундуу маселелер