Радио

Ипотекага үй алып жаткандар эми банкка барбай эле онлайн кезекке тура алат

Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын сатуу бөлүмүнүн башчысы Таалай Оморов МИК тарабынан ипотекага үй алууга арызы жактырылгандан кийин жаран бир жыл ичинде кезекке турбаса каттоодон алынарын айтты.
Sputnik
Ипотекага үй алып жаткандар мурдагыдай банкка барбай эле онлайн кезекке тура алат. МИК ушул жылдын октябрынан баштап порталынын функционалын кеңейтип, бардык иштерди онлайн жүргүзүүгө өткөнүн Таалай Оморов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, МИКтин порталында ипотекалык насыя алуу үчүн арыз берип, бирок каттоону толук бүтүрбөгөндөр үч айдын ичинде өчүрүлөт.
"Мамлекеттик ипотекалык компания ушул жылдын октябрынан баштап порталынын функционалын кеңейтип, ишин жакшыртты. Эми ипотекага үй алып жаткандар мурдагыдай банкка барбай эле онлайн кезекке тура алат. Мындан тышкары, жаран МИК тарабынан ипотекага үй алууга арызы жактырылгандан кийин бир жыл ичинде кезекке турбаса каттоодон чыгарылат. "Менин үйүм — 2021-2026" турак жай программасынын тандоо шарттарына ылайык электрондук порталда каттоону баштап, бирок аны үч айдын ичинде жыйынтыктабаса ал жокко чыгат. Бүгүнкү күндө сайтта 80 миң адам катталган, анын 30 миңи процессти толук бүтүргөн эмес. Мындай иш анализ жүргүзүүгө, курулушту пландоого, каржылоого так маалымат алуу үчүн керек", — деди Оморов.
Ошондой эле адис Мамлекеттик ипотекалык компанияга үй алуу максатында айына 1500дөй арыз келип түшөрүн кошумчалады.