ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити

Газадагы абал — адамзатка каршы кылмыш. Иран вице-президентинин саммиттеги сөзү

Акыркы маалымат боюнча, Газада 6,5 миң киши каза таап, 17 миңи жаракат алган. Израилде 1300дөн ашуун киши көз жумду, жарадарлардын саны да бир нече миңге чамалап барат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Газада түзүлгөн кырдаал — жалпы адамзатка каршы жасалган кылмыш. Бул тууралуу Ирандын вице-президенти Мохаммад Мохбер Бишкекте өтүп жаткан ШКУ премьерлеринин саммитинде билдирди.
Ал өз сөзүндө израиль-палестин жаңжалын "дүйнөдөгү эң орчундуу көйгөй" деп атады.
Ирандын вице-президенти Мохаммад Мохбер
“Биздин иш-чара Газа секторунун эли тамак-ашы же суусу жок азап чегип отурган учурда өтүп жатат. Алар мыкаачылык менен жасалган чабуулдун курмандыгы болууда. Суу, азык-түлүк, дары-дармек жана электр энергияга бөгөт коюу адамзатына каршы жасалган кылмыш”, — деди Мохбер.
Акыркы маалымат боюнча, Газада 6,5 миң киши каза таап, 17 миңи жаракат алган. Израилде 1300дөн ашуун киши көз жумду, жарадарлардын саны да бир нече миңге чамалап барат. ХАМАСтын туткунунда 150-200дөй израилдик бар.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндик-израилдик жаңжал ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
Кытайдын премьери: тышкы кийлигишүүгө жол бербешибиз керек