Пресс-борбор

ЕЭК өкүлү саммит учурундагы чыдамдуулугу үчүн бишкектиктерге ыраазы болду

Малкина мындай иш-чараларды өткөрүү оор эмгек жана чоң жоопкерчилик экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын расмий өкүлү Ия Малкина бишкектиктерге чыдамкайлыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынындай иш-чараларды өткөрүү оор эмгек жана чоң жоопкерчилик экенин белгилеген.
“Эртең менен жаңылыктарды, соцтармактарды окуп отуруп кортеждер, жол тыгындары боюнча талкууларды көрдүм. Бишкектин тургундарына ыраазычылык билдирүү менен жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайм. Бир убакта ушунча саммитти өткөргөн кесипкөйлүк, камкордук, меймандостук үчүн ыраазычылык билдирем”, — деди Малкина.
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
Бишкекте ШКУ өкмөт башчыларынын жыйыны кандай өттү?