Бишкектеги Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьерлеринин жыйыны башталды

Бүгүн Бишкекте премьер-министрлердин үч саммити пландалган. ШКУ премьерлеринин жыйыны аяктап, экинчиси башталды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. "Ала-Арча" резиденциясында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар чөйрөдөгү (жабык формат) жыйыны башталды.
Эске салсак, күндүн биринчи жарымына чейин ордо калаада ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны өттү. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынан соң ЕАЭБ жана КМШ мамлекеттеринин премьер-министрлери чогулат. Андан соң документтерге кол коюлуп, ЖМК өкүлдөрүнө иш-чаралардын жыйынтыгы тууралуу маалымат берилмекчи.
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
ШКУ премьерлер кеңешинин жыйыны аяктап, КР төрагалыкты Пакистанга өткөрүп берди