Беларустагы эл аралык конференцияда эмнелер айтылды. Урунттуу учурлар

Венгрия ТИМ башчысы Петер Сийяртонун аталган иш-чарага келиши күтүүсүз болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Беларустун борбору Минскиде Евразиялык коопсуздук боюнча эл аралык конференция болуп жатат.
Максат — учурдагы дүйнөлүк тартип кризисинин, негизги оюнчулар ортосундагы өнөкөт болуп калган аскердик-саясий каршылыктарынын, алардын ортосундагы байланыш үзүлүп турган шартта евразиялык коопсуздуктун келечегин талкуулоо.
Иш-чарага 30га чукул мамлекеттен 300дөй эксперттердин катышары айтылган.
Беларустун ТИМ башчысы Сергей Алейник
Конференцияда Беларустун ТИМ башчысы Сергей Алейник төмөнкүлөргө токтолду:
альянс эл аралык структураларды тоготпогон мамиле жасап жаткандыктан Европада коопсуздук жок;
Батыш БУУну "макетке" айландырып койду;
бизге коопсуздук боюнча жаңы эрежелерди ойлоп таап кереги жок, алар мурдатан эле БУУнун Уставында жазылган. Батыш өз коопсуздугун башкалардын эсебинен бекемдөөнү каалагандыктан ал Европада иштеп кеткен жок;
коопсуздуктун бөлүнүп-жарылбастыгы боюнча принципти Евразияда жакшы түшүнүшөт.
Айтмакчы, Венгрия ТИМ башчысы Петер Сийяртонун аталган иш-чарага келиши күтүүсүз болгонун Sputnik Беларусь жазды.
Венгрия ТИМ башчысы Петер Сийярто
Эл аралык конференцияга катышкан Сийярто төмөнкүлөрдү белгилеген:
ЕБ коопсуздук көйгөйүнө эле тушугуп жаткан жок, Европа экономикасындагы атаандаштык да улам азайып бара жатат;
Европа үчүн көп жылдар бою "Лиссабон — Владивосток" концепциясы идеал болуп келсе, азыр бул кыял болуп калды;
Чатакты согуш талаасында чечпейт. Байланыш каналдар ачык болушу керек, андыктан мен бул жерге келип отурам;
Венгрия Батыш менен Чыгыштын экономикасынын ортосун байланыштыра турган учук болууга даяр, Батыш өлкөлөрүнүн Чыгышсыз ийгилиги болбойт же тескерисинче. Биз өз ара байланыштабыз;
Кытайдагыларга караганда электр кубатына үч эсе, АКШга караганда газга төрт эсе кымбат төлөп жатабыз. Андай болгон соң Европа атаандаштыкка кандай шартта, кантип туруштук бере алат?
Россия ТИМ жетекчиси Сергей Лавров
Конференцияга катышкан Россия ТИМ жетекчиси Сергей Лавров төмөнкүлөргө токтолду:
АКШнын Европадагы өзөктүк курал жайгаштыруусуна жооп катары Россия "компенсация кылган чараларды көрүү" кадамына барууга муктаж;
Батыштын максаты — Москва менен Минскини Вашингтон кийин Европада ишке ашырууну көздөгөн келишимдерден ажыратуу.
НАТО Россияны согуш талаасында жеңиш керек деген нерсени айтып турган чакта коопсуздук тууралуу кеп кылуу кыйын.
Иш-чарага Венгриянын ТИМ башчысынын катышып жатканы Будапешттин өлкөнүн улуттук кызыкчылыктары, өз жарандарынын жыргалчылыгы үчүн Батыш менен Чыгыштын ортосундагы мамилелердин маанилүүлүгүн туюп-билгени. Андан сырткары, континенттеги бардык өлкөлөрдүн атаандаштык артыкчылыктарын өнүктүрүү аракети.
Бишкектеги КМШ премьер-министрлеринин саммити
КМШ өкмөт башчыларынын кеңейтилген форматтагы жыйыны. Видео