ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити

Беларусь премьери: Батыштын үстөмдүгүн биргелешип гана алсырата алабыз

Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. ШКУ мамлекеттери биригип гана Батыштын экономика менен финансы жаатындагы үстөмдүгүн алсырата алат. Бул тууралуу Беларусь премьер-министри Роман Головченко билдирди.
Ал Бишкекте өтүп жаткан ШКУ өкмөт башчыларынын кеңири форматтагы жыйынында сүйлөгөн.
"Биргелешкен аракеттер менен гана Батыштын экономика жана финансы жаатындагы үстөмдүгүн алсыратып, мыйзамсыз санкциялар менен чектөөлөрдүн кесепетин төмөндөтө алабыз", — деди Головченко.
Эскерте кетсек, саммит "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп, премьер-министрлер 14 документке кол коюшту.
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
Мишустин ШКУнун алкагында бирдиктүү төлөм механизмин түзүүнү сунуштады