Радио

Улуттук китепканага орус жазуучулары жөнүндө 12 томдук жыйнак берилди

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директорунун милдетин аткаруучу Нурияна Байсакова орус жазуучуларынын чыгармачылыгы тууралуу жыйнакты тапшыруу салтанаты кандай өткөндүгүн айтты.
Sputnik
13-октябрда Улуттук китепканага XIX жана XX кылымдагы орус жазуучуларынын чыгармачылыгы тууралуу 12 томдук жыйнак тартууланды. Бул тууралуу Нурияна Байсакова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган салтанат жогорку деңгээлде өткөн.
"Быйыл 2023-жыл КМШ өлкөлөрүндө орус тили улуттар аралык байланыш тили деп жарыяланып, анын алкагында бир катар иш-аракеттер жүрүүдө. Анын бири катары 13-октябрда Бишкек шаарында өткөн салтанатты атасак болот. Анда Улуттук китепканага XIX жана XX кылымдагы орус жазуучуларынын чыгармачылыгы тууралуу 12 томдук жыйнак тапшырылды. Жыйнак Москва шаарында даярдалып, "Биримдикке карай" басмаканасы басып чыгарыптыр. Салтанаттуу иш-чарага Элдердин руханий биримдигинин эл аралык фондунун президенти Валерий Алексеев, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги, Россотрудничествонун өкүлдөрү, Улуттук китепкананын кызматкерлери жана бир катар коноктор катышты", — деди Байсакова.
Ал тартууланган жыйнак илим изилдөөчүлөрдүн да ишине жардам бере турганын кошумчалады.