Бишкектеги КМШ премьер-министрлеринин саммити

Казак премьери: ЕАЭБ кызматташуунун натыйжалуу жана керектүү форматы

ЕАЭБдеги өз ара соода 2015-жылдан 2022-жылга чейин эки эсе өсүп, 85 миллиард долларга жеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бүгүнкү күндө ЕАЭБ кызматташуунун натыйжалуу жана зарыл болгон форматы катары эсептелет. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов КМШ өкмөт башчыларынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБ түзүлгөндөн бери өзүн кадыр-барктуу интеграциялык уюм катары тааныта алды. Тиешелүү нормативдик база түзүлүп, стратегиялык тармактык документтер кабыл алынган.
"Бүгүнкү күндө ЕАЭБ 190 миллион калкы бар, 93 миллион кишини камтыган эмгек рыногуна ээ жана ИДПсы 2,7 триллион долларга жеткен кызматташуунун натыйжалуу жана зарыл форматы. Өз ара соода 2015-жылдан 2022-жылга чейин эки эсе өсүп, 85 миллиард долларга жетти. Мунун баары жалпыбыздын үзүрлүү эмгегибиз", — деди Смаилов.
Бишкектеги КМШ премьер-министрлеринин саммити
Логистика, соода хабдары, суу. Жапаровдун КМШ премьерлеринин саммитиндеги сөзү